Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 296-297 чакырымынын ортосунда түшкөн кар көчкүсүнүн көлөмү болжол менен 900 миңден ашуун кубту түздү

2022-жылдын 17-март күнү саат 10.00 чамаларында Нарын облусунун Нарын районунун аймагындагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 296-297 чакырымынын ортосунда түшкөн кар көчкүсүнүн көлөмү болжол менен 900 миңден ашуун кубту түзүүдө. Учурда кар көчкүсүн тазалоого иштерине баардык керектелүүчү техника каражаттары тартылып, жолдун кыймылдуу бөлүгүн тазалоо иштери эки тарабынан тең кызуу жүрүүдө.

WhatsApp Image 2022 03 18 at 13.42.57 Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 296-297 чакырымынын ортосунда түшкөн кар көчкүсүнүн көлөмү болжол менен 900 миңден ашуун кубту түздү


Бишкек-Нарын-Торугарт унаажолунун “Долон” ашуусу аркылуу баардык унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилип, Нарын районунун Оттук айылында, Нарын шаарынын чыга беришинде, Кочкор районун Сары Чат стационардык постунда, Жумгал развилка, Сары Булак айылында Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлеринен постор түзүлүп жеринде түнүндүрүү иштери жүрүзүлүүдө. Жол тазалоо мекемесинин кызматкерлери кар көчкүсүн тазалап жолдун кыймылдуу бөлүгү бүгүн түнү ачылаарын билдиришүүдө.

WhatsApp Image 2022 03 18 at 13.42.58 Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 296-297 чакырымынын ортосунда түшкөн кар көчкүсүнүн көлөмү болжол менен 900 миңден ашуун кубту түздү


ЖКККББнын кызматкерлери, айдоочуларды жол кыймылынын убактылуу чектөөсүнө түшүнүү менен мамиле кылып, алыскы сапарларды алдын ала пландаштырууга чакырат.
КР ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы