Муртазалиевдин арызы административдик сотто каралат

БШК Свердлов округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгара элек. БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Бекматов кабарлагандай, бүгүн саат 15:00дө Свердлов округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча эң көп добуш алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызы административдик сотто каралат.

«БШК соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгы менен, ошого ылайык өзүнүн чечимин чыгарат»,-деди Бекматов.