Ысык-Көлдү сүзүп өткөн спортчу ислам динин кабыл алды

Кыргызстандык сууда сүзүүчү, спорт чебери Владислав Шулико ислам динин кабыл алды. Бул тууралуу Социалдык тармактарда тараган видеодон улам белгилүү болду.

hqdefault 5 Ысык-Көлдү сүзүп өткөн спортчу ислам динин кабыл алды

Шулико бул тууралуу түшүндүрмө берип: «Кечээ мечитте бир жыйын болгон. Ал жерде отурганымды бирөө видеого тартып алыптыр. Ошондон кийин баары менин ислам динин кабыл алганымды билишти», — деп билдирди.

YouTube video