Ысык-Көлдө “Арсенал” операциясы өттү

“Арсенал” операциясынын алкагында, Ак-Суу РИИБдин кызматкелери тарабынан аймакта жарандарда мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды, ок даарыларды аныктоо жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен ар кандай кылмыштардын алдын алуу максатында тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2022 03 11 at 11.02.47 1 Ысык-Көлдө "Арсенал" операциясы өттү

Аталган иш чаранын жүрүшүндө Теплоключенка айыл өкмөтүндө катоодо турган ок атуучу куралдардын сакталышы текшерилип, мыйзамсыз сакталган куралдарды өз ыктыяры менен өткөрүп берүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан тышкары, жарандардын көйгөйлүү маселелерин жеринде чечүү боюнча көмөк көрсөтүп келүүдө.

WhatsApp Image 2022 03 11 at 11.02.48 Ысык-Көлдө "Арсенал" операциясы өттү
WhatsApp Image 2022 03 11 at 11.02.47 Ысык-Көлдө "Арсенал" операциясы өттү
“Арсенал” операциясы

Ак-Суу райондун аймагында атайын уруксаат менен 369 адамда ок атуучу куралдар бар, алардын ээллеринин колунда жалпы 487 ок атуучу курал сакталып, профилактикаллык каттоодо турат.

2022 жылдын 2 айында жаңы укук бузуулар кодексинин 133 беренеси менен 6 протокол толтурулуп, эскертүүлөр берилди.