“WikiGap. Кыргызстандын айымдары” долбоорунун Википедия дүйнөлүк интернет-энциклопедиясы жаңы ысымдары менен толукталды


“WikiGap. Кыргызстандын айымдары” долбоорунун алкагында Википедия дүйнөлүк интернет-энциклопедиясы мекендештерибиздин жаңы ысымдары менен толукталды. Бул тууралуу «Медиа Полиси Институту» кабарлады.

Долбоордун максаты – ийгиликке жеткен кыргызстандык аялдар жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу аркылуу гендердик теңчиликти илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү. Гендердик теңчилик жаштардын көңүлүн бура турган маанилүү тема. Аялдардын укуктарын басмырлоонун себептери ар түрдүү болот жана тең укуктуулукка жетишүү үчүн стереотиптерге каршы күрөшүп, аялдардын өлкөнүн коомдук, саясий, экономикалык, маданий жана спорттук турмушундагы жигердүү ролун жана катышуусун жогорулатуу маанилүү.

«Өткөн жылдын ноябрь айынын аягынан 2022-жылдын мартына чейин 30 ыктыярчы Кыргыз Википедиясына жаңы ысымдарды кошуп, ошондой эле аялдардын профилдериндеги мурда киргизилген маалыматтарды жаңылоо үчүн бардык керектүү маалыматтарды чогултуп чыгышкан. Бул ыктыярчылар сынактын негизинде тандалып алынган. “WikiGap: Кыргызстандын айымдары” долбоорун Медиа Полиси Институтунун кызматкери Айнура Ешеналиева координациялады.

Ал эми ыктыярчылардын ишин филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Орус Славян университетинин Эл аралык журналистика кафедрасынын доценти Айгүл Өмүрканова жана юридика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиянын Жарандык жана үй-бүлөлүк укук кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу Алия Алиева жетектешти»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, WikiGap демилгесин биринчи жолу Швециянын Тышкы иштер министрлиги жана «БУУ-Аялдар» түзүмү 2018-жылы дүйнө жүзү боюнча гендердик теңчилик жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу максатында ишке ашырган. Буга чейин 2019-жылы долбоор Казакстанда ишке ашырылса, 2021-жылы Медиа Полиси Институту Нидерланддардын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте бул долбоорду биздин өлкөдө да ишке ашырууну чечкен. Бул чечимге кыргыз тилдүү Википедияда кыргызстандык кыз-келиндердин жетишкендиктери жөнүндө маалыматты көбөйтүү аракети себеп болгон. Долбоордун алкагында Википедияда жаңы баракчалар да пайда болуп, ошол эле маалда мурда ачылган баракчалар белгилүү айымдар тууралуу жаңы маалыматтар менен толукталды.