ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери УКМК жана Ноокат РИИБдин Тергөө кызматы менен биргеликте эл аралык террористтик уюмдун тарапташы, Ош облусунун тургуну 1994-жылы туулган Т.С. кармашты.
Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы маалымат берди.
Маалыматта айтылгандай, кармалган жаран Т.С. 2017-жылы Кыргыз Республикасынан Түркия аркылуу Сирияга эл аралык террористтик уюмдун тарапташы катары куралдуу жаңжалга катышуу үчүн кеткен. Бирок ал Түркияга кайра кирген жеринен кармалып, Кыргызстанга депортацияланган. Кыргызстандан ал Кылмыш-жаза кодексинин 226,375-беренелери боюнча соттолуп, эркинен ажыратылган. 2021-жылы жазасын өтөп бүтүп, эркиндикке чыккан.
“Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 2 даана РГД-5, 2 даана кол гранатасынын бириктирилген түзүлүшү (УЗРГМ), 29 даана 5.45 калибрдеги ок, 1 даана аскер кийими, күрөк, 2 даана бычак, 1 даана уюлдук телефон, флешка, 2 даана диск табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы ок-дарылар-күжүрмөн ок-дарылар болуп эсептелет.
Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаран Ош шаарындагы абакка киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.
![e2444472 edaf 457f b719 8b5c0b9dacaa Эл аралык террористтик уюмдун тарапташы ок-дарыларды мыйзамсыз сактаганы үчүн кармалды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/07/e2444472-edaf-457f-b719-8b5c0b9dacaa.jpg)
![09b4afbc 1a5c 45e0 85d9 88c3c48b9c7d Эл аралык террористтик уюмдун тарапташы ок-дарыларды мыйзамсыз сактаганы үчүн кармалды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/07/09b4afbc-1a5c-45e0-85d9-88c3c48b9c7d.jpg)
![3a2d0da4 d160 4546 911f 10209ebb8f8c Эл аралык террористтик уюмдун тарапташы ок-дарыларды мыйзамсыз сактаганы үчүн кармалды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/07/3a2d0da4-d160-4546-911f-10209ebb8f8c.jpg)