Нарында курал-жарак жана ок-дарылар бекитилген жер табылды

Нарын облусунун аймагында курал-жарак жана ок-дарылар бекитилген жер табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

55 Нарында курал-жарак жана ок-дарылар бекитилген жер табылды

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери Нарын облусунун ИИБнын жана КР УКМКнын чек ара кызматынын аскер бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылындагы Орто-Токой суу сактагычынын жанынан белгисиз адамдар тарабынан 2 кырдуу жылмакай курал, 1 жылмакай аңчылык куралы, 1 майда калибрлүү мылтык, 1 “Сайга-410” карабини, 59 даана ар кандай калибрдеги октор табылган.

whatsapp image 2022 03 Нарында курал-жарак жана ок-дарылар бекитилген жер табылды

Белгилей кетсек, табылган бардык курал-жарактар менен ок-дарылардын сериялык номерлери, анын ичинде гильзалардагы маркировка маалыматтары өчүрүлгөн.

66 Нарында курал-жарак жана ок-дарылар бекитилген жер табылды

Азыркы учурда аталган курал-жарактарды сактоочу жайды уюштурган адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.