Улуттук банк Visa жана Mastercard карта ээлерине эскертме берди

Тобокелдиктерди алдын алуу максатында, Улуттук банк Visa жана Mastercard карта ээлерине «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын кошумча ачууну жана алар боюнча өлкө ичинде операцияларды жүргүзүүнү сунуштады. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалат.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы төлөм системалары накталай эмес төлөмдөрдүн үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылып жатат. Россия банктарына санкцияларды киргизүү (Visa жана Mastercard банктык төлөм карталарын эсептешүүлөрдүн эл аралык системаларынан өчүрүү) жалпысынан Кыргызгызстандын төлөм системасынын ишине түздөн-түз таасирин тийгизбейт, анткени Кыргызстанда «Элкарт» төлөм карталары менен улуттук эсептешүү системасы иштейт.

Бул система өзүнүн форматтары, эрежелери, тарифтери боюнча иштейт. Ошол эле учурда катышуучулар менен байланыш каналы катары жергиликтүү коммуникациялык кызмат көрсөтүү провайдерлери пайдаланылат. «Элкарт» карталары менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтар республика аймагында иштелип чыгат жана сакталат.