“Дипломум жасалма болчу, көп акча төлөп калам го. Коркуп жатам”: Нарында мугалим асынып алды

Кочкор районундагы мектеп мугалими асынып каза тапты. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазды.

Окуя 9-мартта болгон. Мындай маалыматты ал эмгектенген мектептин директору З.А.
Turmush басылмасынын кабарчысына тастыктады.
Анын айтымында, маркум Анаркан (аты өзгөртүлдү, Г.Ч.) 2010-жылдан бери
башталгыч класстагы окуучуларга билим берип келген.


«Бир ай мурун мугалимдердин дипломун текшерүү үчүн райондук прокуратурага
бергенбиз. Февралдын аягында прокуратурадан мага байланышка чыгышып,
Анарканды прокуратурага чакырышкан. 7-март күнү менден уруксат сураган. Ал
эми 8-март күнү үйгө ден соолугуна байланыштуу жумуштан бошотуу боюнча
арызын көтөрүп келиптир. Мен ага “4-классты бүтүрүп, андан кийин кет” десем,
ал:

“Дипломум жасалма болчу, көп акча төлөп калам го. Коркуп жатам. Арыз сизде
калсын» деп кетип калды.
Эртеси, 9-мартта жумуш менен райондук билим берүү бөлүмүнө бардым.
Райондун борборунан айылга келе жатканда прокуратурадан телефон чалып:
“Анаркан бизге келиши керек эле. Кечигип жатат”, – дешти. Таксиде бара жатканда
Анаркан менен байланыштым. Ал: “Азыр, кийинип жатам” деген. Ошону менен
байланышкан жокмун.


Мектепке келсем мугалимдер: “Анаркан асынып каза болуптур” дешти. Бул
кабарды өзү менен байланышкандан кийин 20 мүнөттүн ичинде уктум», – деди ал.
Маркум 1968-жылы туулган.
Кочкор райондук прокуратурасы бул окуя боюнча тергөөнүн жыйынтыгы менен
маалымат бериле турганын билдирди.