Кыргызпатенттин жана ТИКАнын жетекчилеринин эки тараптуу жолугушуусу өткөрүлдү

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева жана Түркиянын кызматташтык жана координациялоо боюнча агенттигинин (ТИКА) Кыргыз Республикасындагы программалык координатору Осман Уста эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар төмөнкү багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну талкуулашты:

1.    Аймактарда балдар үчүн илимий-техникалык жана робототехника ийримдерин ачуу;

4L7A6664 Кыргызпатенттин жана ТИКАнын жетекчилеринин эки тараптуу жолугушуусу өткөрүлдү
4L7A6724 Кыргызпатенттин жана ТИКАнын жетекчилеринин эки тараптуу жолугушуусу өткөрүлдү
Жолугушуу учурунда

2.    Ош шаарындагы «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинин базасында инновациялык класстарды түзүү;

3.    Интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу, биргелешкен окутуу жана квалификацияны жогорулатуу үчүн Түркия Республикасына иш-сапарын уюштуруу;

4.    Аймактарда “STEAM-билим берүү кербени” долбоорун ишке ашыруу.