477 гр. баңгизатын ташып жүргөн жаран кармалды

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 477 гр. баңгизатын ташып жүргөн жаранды кармашты.

2022-жылдын 1-мартында Аламүдүн райондук ИИБнын Тергөө кызматы менен биргеликте баңги кылмыштарын аныктоо боюнча операция жүргүзүлүп, анын натыйжасында баңги каражаттарын сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо фактысы аныкталган.


Бул факт, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) сотко чейинки өндүрүш башталган.
Ыкчам-тергөө аракеттердин жыйынтыгнда “Сосновка” стационардык посттунда Токтогул районунан Бишкек шаарына Б.Н. аттуу жаран башкарып бараткан “Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү автомашинасы токтотулган.


Аталган унаанын жүргүнчүсү 1964-ж.т. Т.Т. аттуу жаранды жеке тинтүүдө, шымынын оң жагындагы чөнтөгүндө, колтугунун астында жана курткасынын чөнтокторундө пакетке оролгон, кара куурай өзгөчө жыты бар, ширенке таңгактарында 30 даана күрөң түстөгү катуу заттар табылып, алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык алынган заттар жалпы салмагы 477 гр. түзүп, “гашиш” баңгизаты деп аныкталган,


Кармалган Т.Т. аттуу жаран Бишкек ШИИББнин Убактылуу кармоо жайына киргизилди.

WhatsApp Image 2022 03 11 at 14.27.34 477 гр. баңгизатын ташып жүргөн жаран кармалды

ИИМдин Басма сөз кызматы