Токтайым Үмөталиева: Алымкадыр Бейшеналиевдин аракеттери Садыр Жапаровго зыянын тийгизет

Бүгүн, 11-мартта министр Алымкадыр Бейшеналиев 6-оорукананын жанындагы имаратты Токтайым Үмөталиева ээлеп, томография коюп алганын айтып, аны менен сотсуз эле сүйлөшүп имаратты бошотуп аларын билдирген. Бул боюнча Токтайым Үмөталиева BULAK.KG сайтына төмөнкүлөрдү айтты.

“Мен Алымкадыр Бейшеналиевдин секретарларына чалып байланыштым, бирок өзү менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Мага эч ким кайрылган дагы жок. Эгер мени ал имаратты мыйзамсыз ээлеп турат десе, тиешелүү документтерин көрсөтүп анан доосун айтса болот да. Балким учурда анын атынан пайдаланып жаткандар болушу мүмкүн, мындай сөздөрдү өзү айтпашы ыктымал. Мен керек болсом беш мүнөттүн ичинде эле таап алууга мүмкүн да, жашырына турган эч нерсе кылган жокмун.

Садыр мырза учурда жакшылап ойлонбосо алардын артында турган топ жакшылыкка алып келбей турган болуп калды. Буга чейин ызы-чуу башталганда эле мен Алымкадыр менен сүйлөшөйүн дегем, анткени мага да саламаттыкты сактоо министрлигинин жардамы керек эле. Ошол объект боюнча тескерисинче мамлекет көмөк кылып, мамлекет чече турган маселе болууда. Бул суроолорду чечүүнүн жолдору мурунку министрге да сунушталган.

Мени карай турган жана кармай турган бул жерде эч кандай маселе жок. Бул проект боюнча менин ысымым негиздөөчүлөрүнүн катарында жок. Туугандарымдан куда сөөктөрүм бар, аны жашырбайм. Анын үстүндө анын курулушунда мамлекеттин бир тыйыны да кеткен эмес. Бардык териштирүүлөр, текшерүүлөр жүрүп, бир катар сот чечимдери да күчүнө кирген. Мамлекет бул объектти кургула, иштегиле деп өзү чакырган. Бул ызы-чуулар өлкөдөгү туруктуу абалды бузуп, зыянын Садыр мырзага тийгизиши мүмкүн”, – дейт Үмөталиева.