Темирбек Ажыкулов: ЕАЭБге кирген өлкөлөргө Орусия экспортту тыйганы туура эмес

Орусия Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө 31-августка чейин дан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу Орусиянын Экономикалык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Мындай кырдаалда Кыргызстанда баалар өсө турганын BULAK.KG сайтына экономика тармагындагы эксперт Темирбек Ажыкулов айтты.

“Биз азык-түлүк продукцияларынын көпчүлүгүн ошол Орусия менен Украинадан алып келгендиктен бул кырдаал оор болору шексиз. Буудай менен өзүбүздү 20-30%  гана камсыз кылып, калганын Казакстан менен Орусиядан ташып келсек, майды Украинадан чоң өлчөмдө алып келчүбүз.

Шекерди өзүбүздө өндүрүп, жылына 70-80 миң тонна чыгарууга мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Элдин муктаждыгы жылына 100 миң тоннаны түзсө, кумшекер менен 80% элди камсыз кыла алабыз. Тилекке каршы майды өзүбүз өндүрө албайбыз, мен билгенден 17% гана муктаждыкты жабууга мүмкүнчүлүк болуп, калганы сырттан келет.

ЕАЭБдин алкагында бизде мүчө өлкөлөр менен келишимдерибиз болгондуктан, анын үстүнө аларга душман мамлекет болбогон соң мындай чектөөлөр киргизилбеши керек эле. Өздөрүнө каалаган шартта өзгөртө берүү туура эмес деп ойлойм. Орусия тескерисинче учурда акчага муктаж болуп тургандан кийин, продукцияларын сатып каражат чогултууну ойлонушу керек эле. Балким запастарды топтоп, кризистен оолак болуу үчүн бул аракеттер жасалып жаткандыр. Бирок алардай чоң өлкөлөр бир жыл алдыга материалдык резервдери менен чыгып келишет. Биздин эл бул кырдаалда ачка калбаса да, бардыгына баа көтөрүлө берет. Коңшу Казакстандан да азык-түлүктү кымбат ала баштайбыз.