Туунун авторлору ардактуу наамдарды алышты

Кыргызстандын мамлекеттик туусунун авторлоруна Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдары ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Кыргызстандын мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик символдун авторлору Жусуп Матаев, Бекбосун Жайчыбеков жана Эдил Айдарбеков менен жолугушту.

274991694 4980610181985618 76587988884320045 n Туунун авторлору ардактуу наамдарды алышты

Мамлекет башчысы сүрөтчүлөрдү — мамлекеттик символдордун биринин авторлорун 30 жылдык мааракеси менен куттуктады. «Кыргыз элинин желеги ар дайым бейпил асманда желбиреп турсун. Өлкөбүздө молчулук, токчулук болсун», — деди Садыр Жапаров.

Ал мамлекеттик туунун авторлоруна баа жеткис салымы, өлкөнүн эң маанилүү символдорунун бирин жаратканы жана республиканын көркөм сүрөт искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн чоң ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, Кыргызстан элинин руханий маданиятын байытууга кошкон салымы үчүн сүрөтчү, С. А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик сүрөт окуу жайынын окутуучусу Жусуп Матаевге жана сүрөтчү, «Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр бирлигинин» Бекбосун Жайчибековго «Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү» ардактуу наамы ыйгарылды. Ошондой эле, Н. Исанов атындагы курулуш, транспорт жана архитектура Кыргыз мамлекеттик университетинин архитектура кафедрасынын ага окутуучусу Эдил Айдарбековго «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылды.

275111560 4980601028653200 1591010087113889015 n Туунун авторлору ардактуу наамдарды алышты
275126921 4980601021986534 4078111436889023896 n Туунун авторлору ардактуу наамдарды алышты

Мамлекеттик желектин авторлору алардын эмгеги бааланганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык каалашты.