Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн бир катар жетекчилерине кезектеги аскердик наамдарды ыйгарды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда, күч түзүмдөрүнүн бир катар жетекчилерине кезектеги аскердик наамдарды ыйгарды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

58b82baa 60bf 4ae8 b309 6e7428a9e384 Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн бир катар жетекчилерине кезектеги аскердик наамдарды ыйгарды

Өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуудагы алардын ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, мамлекет башчысы иш-чара катышуучуларын Ата Мекен коргоочулар күнү менен куттуктады.

Президенттин Жарлыктарына ылайык:

— Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековго “милициянын генерал-лейтенанты” наамы ыйгарылды;

— Кыргыз Республикасынын коргоо министри Бактыбек Бекболотовго “генерал-лейтенант” аскердик наамы ыйгарылды;

— Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевге “милициянын генерал-майору” наамы ыйгарылды;

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовго “милициянын генерал-майору» наамы ыйгарылды;

— Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары Акылбек Ибраевге “генерал-майор” аскердик наамы ыйгарылды;

-Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы Жумгалбек Шабданбековго “генерал-майор” аскердик наамы ыйгарылды;

— Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигинин 01003-аскер бөлүгүнүн командири Руслан Мукамбетовго “генерал-майор” аскердик наамы ыйгарылды.

Президент Садыр Жапаров бүгүн наам алган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери аларга жүктөлгөн милдеттерди мындан ары да татыктуу аткара берерине ишенимин билдирди. Аларга мындан аркы кызматына ийгиликтерди, чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.