Ноокатта тогуз жашар небереси менен жубайлар көмүр исине ууланып каза болушту

Ноокат районунун Көк-Бел айылында жубайлар жана алардын тогуз жашар небереси көмүр исине ууланып каза болушту. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришити.

Укук коргоо органдарына кырсык боюнча маалымат 22-февраль күнү саат 21:00 чамасында түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарек боюнча барып, үйдүн жер төлөсүнөн, тагыраагы, от жакчу бөлмөдөн 62 жана 63 жаштагы жубайлардын жана алардын тогуз жаштагы небересинин сөөгүн табышкан.

“Текшерүү маалында алардын эки күн мурда көмүр исине ууланып каза болгону аныкталды. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы аларга күч колдонулбаганын далилдеди”, — деп айтылат билдирүүдө.

Маркумдардын жакындары эч кандай доосу жок экендигин билдиришти.