Мекенди коргоочулар күнүнө карата Нарында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

Бүгүн, 22-февраль күнү Нарын облустук музыкалык-академиялык драма театрында 23-февраль- Мекенди коргоочулар күнүнө карата Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Абасов, Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Нарын шаардык мэриясы, Нарын облустук мусулмандарынын казыяты, мекеме жетекчилери, билим берүү мекемелери, мектеп окуучулары, Нарын жаштары, активисттер, эркин журналисттер жана ар бир күч түзүмдөрүнүн ардагерлери катышты.


Алгач сөз Нарын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Жумабековго берилип, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын күжүрмөн туусу киргизилип, Кыргыз Республикасынын Гимни ырдалып, куттуктоо үчүн сөз келген конокторго кезеги менен берилип, ички иштер органдарына жаңыдан кабыл алынган кызматкерлердин ант берүү аземи болуп өттү.

WhatsApp Image 2022 02 22 at 12.49.10 Мекенди коргоочулар күнүнө карата Нарында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү


Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда жана жетишкен ийгиликтери үчүн майрамга утурлай айрым кызматкерлер сыйланышты. 2021-жыл ичинде ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишкендиктери үчүн 3-даражадагы диплому, жазуусу түшүрүлгөн статуэтка менен Ак-Талаа РИИБи, 2-даражадагы диплому менен Нарын ШИИБи сыйланды. Ал эми 1-даражадагы диплом, Нарын ОИИБнин Өтмө Кызыл Туусу Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө ыйгарылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө атайын даярдалган “Менин милициям, мени коргойт” аттуу кыска метраждуу фильм, милиция кызматкерлери тарабынан уюштурулган театрлаштырылган сценка, кыргыз бийлери жана патриоттук темада обондуу ырлар менен коштолуп, Нарын ОИИБнин атайын операциялар отрядынын машыгуулары тартууланды.

WhatsApp Image 2022 02 22 at 12.49.12 1 Мекенди коргоочулар күнүнө карата Нарында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү


Бул иш-чара милиция кызматкерлери жеке эле кылмыштуулук менен күрөшүү, тартипти, коомдук коопсуздукту сактоо менен чектелбестен, элдин бейпил турмушун камсыздап, өлкөнүн өнүгүшүнө салып кошуп жатканын эске салуу жана Президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлахтык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын эске алуу менен келечек муунду патриоттуулукка тарбиялоо, мекенди сүйүүгө, мекенчил болууга үндөө жана ар дайым кандай кырдаал болбосун ынтымакта болууга чакыруу жана элдин милиция болгон ишенимин көтөрүү максатында уюштурулуп өткөрүлүп жатат.
Нарын облустук милициясы уюштурган салтанаттуу иш-чарабыз келген коноктордун купулуна толуп, мыкты маанай тартуулоо менен элдин алкышына арзыды.

WhatsApp Image 2022 02 22 at 12.49.12 Мекенди коргоочулар күнүнө карата Нарында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү


Майрамыңыздар менен Урматтуу Мекен сакчылары!!!

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы