Өмүрбек Текебаевди тарапташтары жылуу узатты

Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалган саясатчы Өмүрбек Текебаевди дипломатиялык кызматына узатуу үчүн “Ата Мекен” партиясынан кеңсесинде иш-чара өттү.

Ага ЖК депутаттары, экс-депутаттар, саясий жана коомдук ишмерлер менен анын тарапташтары чогулду.

Саясатчыны узатуу иш-чарасы атайын чакырылган музыканттардын коштоосунда кече болду.

Өмүрбек Текебаев буга чейин азыркы бийликке кескин сын-пикирин айтып келген.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Абдылдаев Эрлан Бекешович Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Берлин шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Норвегия Королдугундагы, Дания Королдугундагы, Швеция Королдугундагы, Ыйык Тактыдагы жана Польша Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулган.

274374248 5092094497525383 92028259753386268 n 766x1024 1 Өмүрбек Текебаевди тарапташтары жылуу узатты
274453412 5092093947525438 1940498463036758958 n 766x1024 1 Өмүрбек Текебаевди тарапташтары жылуу узатты

Өмүрбек Текебаев 1958-жылы 22-декабрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Акмаан айылында туулган. Билими жогору. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин, 1994-жылы ушул эле окуу жайынын юридика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1981 — Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында Токтогул атындагы орто мектептин физика мугалими
1981-1983 — Советтик жоокерлердин катарында кызмат өтөгөн
1984 — Акман айылында Токтогул атындагы орто мектептин физика мугалими
1986 — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин лаборанты, ага препаратору, ага лаборанты
1987-1991 — орто мектептин физика жана математика мугалими, методист Базар-Коргон райондук эл арагартуу бөлүмүнүн методисти
1991 — Жалал-Абад облусунун монополияга каршы саясат жана ишкердикти колдоо башкармалыгынын жетекчисиө
1991-1992 — «Эркин Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы
1991-1993 — КРдин жаңы Конституциясын иштеп чыгуу боюнча комиссиянын жана анын жумушчу тобунун мүчөсү
1991 — СССРдин Жогорку Советинин мүчөсү, юридикалык маселелер боюнча републикалар кеңешинин мүчөсү
1992-1994 — Жалал-Абад облустук администарция башчысынын орун басары
1994-жылдан атртып —»Ата Мекен» социалисттик партиясынын төрагасы
1994 — Конституциялык кеңештин мүчөсү, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин XII чакырылышындагы депутаты
1995-2000 — Жогорку Кеңештин I чакырылышынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин төрагасы
2000-2005 — Жогорку Кеңештин II чакырылышынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты
2000-2001 — Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары
2002 — Конституциялык кеңештин төрагасынын орун басары
2005-2007 — Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты депутаты
2005-2006 — Жогорку Кеңештин төрагасы
2006 — Конституциялык кеңештин төрагасы
апрель-июль, 2010 — Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары, өлкөдө конституциялык реформаларды жүргүзүүгө жоопту — Конституциялык кеңештин төрагасы
октябрь, 2010 — Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. Соициалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү, «Ата Мекен» парламенттик фракциянын төрагасы.
январь,2012 — КРдин сот системасын андан ары реформабоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча комитеттин башчысы.
октябрь, 2015 — «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.