Текебаев: Берлин шаарында бала манасчынын эстелиги орнотулат

Германиянын борбор калаасы Берлин шаарында бала манасчынын эстелиги орнотулат. Бул тууралуу элчи Өмүрбек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Берлиндеги элчилиги туристтер көп каттаган жолдо жайгашкан. Алар Кыргызстандын туусун сүрөткө тартып, өздөрү да сүрөткө түшүшөт.

“Биз жакында элчиликтин сырткы көрүнүшүн оңдоп бүттүк. Эми элчиликтин алдына бала манасчынын эстелигин орнотобуз.

Биздин улуттук баалуулуктарыбыз, маданий өзгөчөлүктөрүбүздү башкалар билсин”,- деди элчи Текебаев.