Теңгиз Бөлтүрүк кызматынан бошотулду

Бөлтүрүк Теңгиз Аяпберген уулу «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын убактылуу
тышкы менеджеринин милдетин аткаруудан бошотулду.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.


Тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.


Ошондой эле, министрлер кабинетинин башчысы «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук
холдинг компаниясын «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын убактылуу тышкы башкаруучусу
кылып дайындады.