Сокулукта мектеп окуучуларын сүзүп, качып кеткен мас айдоочу кармалды

Сокулукта мектеп окуучуларын коюп, качып кеткен мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 18-февралда саат 07:20да “Ленд Крузер Прадо” үлгүсүндөгү унаа болжол менен 16 жаштагы эки окуучу кызды сүзүп кетип, кыздар кичи автобустун алдында калган.

Айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүү 29 жаштагы И.А. аттуу жаран экени аныкталып, медициналык экспертизанын жыйынтыгында И.А. мас абалында унаа башкаргандыгы тастыкталган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.