Соцфонд Акылбек Жапаровдун жубайынын акциялары бар фирмадан 66 млн сом карызды төлөөнү талап кылды

Бул тууралуу Кактус. медиа жазып чыкты. Билдирүүдө Чүй облусунун Ысык-Ата райондук соту «МИС» компаниясынан карызды өндүрүү боюнча ишти 10-февралда карай турганы айтылат. Доо арызды сотко Социалдык фонд берген.

izveshhenie MIS Соцфонд Акылбек Жапаровдун жубайынын акциялары бар фирмадан 66 млн сом карызды төлөөнү талап кылды

Материал жарык көрөр алдында соттун басма сөз кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

2020-жылдын октябрында финпол «МИС» (Машина сыноо станциясы) ачык акционердик коому өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качып, мамлекеттик бюджетке 90 млн сомдук зыян келтирген деп шектелип жатканын билдирген. Ошол убакта ведомстводогулар «МИСтин» негизги акционерлери болуп эки акционер эсептелинерин айткан — биринчиси E. C. L. офшор компаниясы жана экинчиси өлкөнүн жогорку кызматтагы аткаминерлердин биринин аялы Ж. А. Б.

Ошол эле кезде айрым ЖМКлар сөз EURASIA CAPITAL LIMITED компаниясы жана минкабдын учурдагы башчысы Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Барыктабасова тууралуу болуп жатканын маалымдашкан.

2017-жылы УКМК дагы Жапаровдун жубайы «МИСтин» акцияларына ээлик кыларын билдирген.