“ИМ объектилерин укуктук коргоо: теория жана практика. Инновацияларды өнүктүрүү” квалификацияны жогорулатуу курсу өткөрүлдү

Кыргызпатент 17-18-февралда, “Интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо: теория жана практика. Кыргыз Республикасында инновацияларды өнүктүрүү” аталышында тереңдетип окутуу боюнча квалификацияны жогорулатуу курсун өткөрдү. 

IMG 20220218 153054 359 "ИМ объектилерин укуктук коргоо: теория жана практика. Инновацияларды өнүктүрүү" квалификацияны жогорулатуу курсу өткөрүлдү

Аталган курска И, Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын жана С. Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун окутуучулары, Борбор Азиядагы эл аралык университетинин студенттери, жеке ишкерлер жана Кыргызпатенттин кызматкерлери, жалпысынан 25 киши катышты. 

Угуучуларга Кыргызпатенттин алдыңкы эксперттери жана юристтери лекторлук кылып, интеллектуалдык менчик объектилерин каттоо, укуктук коргоо жана сактоонун ыкмалары, укукту өткөрүп берүү маселелери, инновацияларды өнүктүрүү боюнча маалымат беришти.

IMG 20220218 153059 791 "ИМ объектилерин укуктук коргоо: теория жана практика. Инновацияларды өнүктүрүү" квалификацияны жогорулатуу курсу өткөрүлдү

Практикалык түрдө өнөр жай менчиги объектилерине, товардык белгилерди каттоого, автордук укук жана чектеш укуктардын объектилерине болгон электрондук өтүнмө берүү процедурасы көрсөтүлдү. 

Курстун соңунда угуучулар кайра байланыш анкетасына алган билими боюнча өз пикирлерин калтырышты.