Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Алыкул Осмонов” атындагы паркты оңдоо сунушталды

18-фералда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Алыкул Осмонов” атындагы паркты капиталдык оӊдоп-түзөө максатында отурум болуп өттү.

274331567 3064940500437205 2287111539578295850 n Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Алыкул Осмонов" атындагы паркты оңдоо сунушталды

Бул тууралуу Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, отурумга Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким К.Жумадылов жана анын биринчи орун басары Д.Акматова, «Ысык-Көл районун өнүктүрүү» фондунун директору Д.Абырбеков, Чолпон-Ата шаарынын мэри Б.Иманбеков жана Чолпон-Ата шаарындагы А.Осмоновдун үй музейинин негиздөөчүлөрүнүн бири Р.Борбукеева катышты.

Отурумда парктын эскиздик долбоору менен таанышып, долбоорду талкууга алып, паркты капиталдык оӊдоп-түзөө боюнча маселелер каралып, тиешелүү иштерди жүргүзүү сунушталды.