Түптөгү Ак-Булак айылында 100 орундуу кийим тигүү фабрикасы ишке кирди

Ак-Булак айылында жаңы фабрика ачылды

17-февраль күнү Түп районунун Ак-Булак айылында 100 орунду кийим тигүү фабрикасы ачылып, ишке кирди.

274125905 138525905330569 2917375458972231845 n Түптөгү Ак-Булак айылында 100 орундуу кийим тигүү фабрикасы ишке кирди

Ачылышка Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, “Кумтөр” ишканасынын тыштан башкаруучу директору Тенгиз Бөлтүрүк, Ысык-Көл облустук тигүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Чыныбек Ажыбеков, район жетекчилиги, жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары катышты.

274154933 138525871997239 544314355963749953 n Түптөгү Ак-Булак айылында 100 орундуу кийим тигүү фабрикасы ишке кирди

Тигүү фабрикасын “Салкын” ЖЧКсы Ысык-Көл облусунун жетекчиси Мирбек Кожоевдун демилгеси менен ачты. Каржылоосу, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондусу тарабынан 10 миллион сом бөлүнсө, “Салкын” ЖЧКсы 24 миллион 500 миң сом өздүк салым көрсөткөн.