Болгарияда эл аралык мелдеште Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты

Грек-рим күрөшү боюнча Болгарияда өтүп жаткан эл аралык мелдеште Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты.

Маалыматка ылайык, Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында индиялык Сумит менен күрөшүп аны мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. Ал эми Акжол Махмудов 77 кг салмакта турнирдин тандоо турунда грузиялык Бека Мамукашвилини 5:1 эсебинде утуп алды.

Эскерте кетсек, спорттук иш-чара 17-20-февралда Велико-Тырново шаарында өтүүдө.