Чолпон-Атадагы паркты көрктөндүрүүдө кызмат адамдары 720 миң сомдук зыян келтирген

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун дирекциясынан «Чолпон-Ата шаарындагы паркты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу» долбооруна бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жана Өнүктүрүү фондунун кызматкерлери жогоруда аталган долбоорду аткарууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштардын көлөмүн жогорулатуу менен мамлекетке 720 миң сомдук зыян келтиришкендиги аныкталган.

Бул факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.