Чүйдүн Кемин районунда жылкы уурдоого шектүүлөр Казакстандан кармалды

0
42


2021-жылы октябрда Т.Н. аттуу жаран милиция кайрылган. Ал Боролдой айылындагы Коңур жайытында 17 баш бээси белгисиз жагдайда уурдалганын билдирген. Андан тышкары 2-ноябрда Бишкек шаарынын 1973-жылы туулган тургуну милицияга арызданган. Анда Боролдой айылындагы Кара-Баткак жайытында 22 бээси, 15 тайы жоголуп кеткенин билдирген.


Бул фактылар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурулук) менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ушул жылы Казакстандан билдирүү түшүп, милиция кызматкерлери коңшу өлкөгө жөнөп кетишкен. Алар Жамбыл районунун полиция кызматкерлери менен биргеликте бээлерди уурдаган жарандар 1952-жылы туулган Б.К., 1996-жылы туулган Б.Б., 1987-жылы туулган У.Э. жана 1978-жылы туулган А.Е. экенин аныкташты. Аталган жарандар бээлерди сатып жибергендиги такталды.


Жүргүзүлгөн ыкчам териштирүү иштеринин алкагында 6 баш бээ табылды. Учурда коңшу республиканын полиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.