
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кол койгон №39 протоколдун коркунучу бар. Бул тууралуу «Азаттык” партиясынын төрагасы, генерал Исмаил Исаков “ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө билдирген.
Анын айтымында, кыргыз-тажик чекара комиссиясын жоюп, кайра жаңысын түзүү керек.
«Баарыбыздын көңүлүбүз жолго бурулуп калды. Жолду сөз кылганыбыз менен анын артындагы илинчекти эч ким айта элек. Кеп – жолдо эмес, себеби жол бар, бир эмес, эки жол бар. Анын артында илинчек, башка маселе турат. №39 протоколдун эң негизги катачылыгы ушунда болуп жатат.
Себеп дегенде ал жерде “ушул жолду салуу үчүн биз 1924, 1927-жылдардагы улуттук аймактарды бөлүштүрүү комиссиясынын материалдарынын негизинде карайлы, дагы 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерин карайлы» деп, ошол учурдагы документтерди көрсөтүп жатышат.
Биздикилер түшүнүп-түшүнбөй, ушуга макул болуп, кол койгондугу улуттун кызыкчылыгына төп келбейт. Кыргыз-тажик чекара комиссиясын жоюп, кайра жаңысын түзүү керек. Чек ара кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу зарыл»,-деп билдирген ал.