Кыргыз-тажик чек араcындагы тажик тараптын курулуш иштери убактылуу токтотулду

Бул тууралуу 11-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат жерлигинде кыргыз тарап чарбалык жумуштарын жүргүзгөн.

Максат айылынын жанында иш жүрүп жаткан учурда Тажик Республикасынын 15-20 жараны чогулуп, чарбалык иштерди токтотууну талап кылышкан. Мындан тышкары, Тажикстандын жарандары өздөрү чек аранын тактала элек тилкесине тосмонун пайдубалын куюуга даярдык көрүшкөн.

«Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында эки өлкөнүн чек ара боюнча аймактык жетекчилери телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрүү маселеси макулдашылды. 11-февраль саат 17: 00гө карата кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Эл тарап кетти»,-деп айтылат маалыматта.