Toyota Vitz автоунаасынын айдоочусу кайгуул кызматкерин сүзүп, из жашырып кеткен

Бишкекте Toyota Vitz автоунаасынын айдоочусу кайгуул кызматкерин сүзүп, из жашырып кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 11:20да Ч. Айтматов жана Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол тыгынын жөнгө салып турган милициянын кайгуул кызматкерин автоунаа сүзүп кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткендиги айтылат

“Болжол менен ал такси кызматында жана мамлекеттик номуру россияныкы экендиги айтылууда. Жол кырсыгынан кайгуул кызматкери жабыркап, ооруканага жеткирилген”, – деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы учурда качып кеткен айдоочуну табуу иштери жүрүп жатат.