
Бишкек шаарынын мектептеринде 1-класстын окуучулары 14-февралдан 19-февралга чейин каникулга чыгат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуу процесси 2022-жылдын 21-февралынан тарта уланмакчы.
Кошумчалай кетсек, 1-класстын окуучулары үчүн кошумча каникулдар КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилген.