Эмгек министри Сокулукта сабалган баланын ахыбалы менен таанышты

8-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Сокулукта сабалып, ушул тапта Бишкектин №3 балдар ооруканасында жаткан Егорду көргөнү барды.

whatsapp image 2022 02 08 at 12 51 45 Эмгек министри Сокулукта сабалган баланын ахыбалы менен таанышты

Кудайберген Базарбаев балага жана үй-бүлөгө керектүү социалдык, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүүнү тапшырды. Ал эми Сокулук райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы баланы жеке коргоо жана оор турмуштук кырдаалдан чыгуу үчүн үй-бүлө менен жекече иш алып баруу планын түзгөн.

3-февралда Сокулук райондук аймактык ооруканасына 1 жаш 8 айлык наристе денесиндеги көгала тактар менен алып келинген. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, баланы сабоого шектүү катары 34 жаштагы адам кармалган.