1-класстын окуучулары 14-февралдан 19-февралга чейин каникулга чыгат

Бишкек шаарынын мектептеринде 1-класстын окуучулары 14-февралдан 19-февралга чейин каникулга чыгат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуу процесси 2022-жылдын 21-февралынан тарта уланмакчы.

Кошумчалай кетсек, 1-класстын окуучулары үчүн кошумча каникулдар КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилген.