Баткенде милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча жыйындарды өткөрүүдө


Баткен райондук милиция кызматкерлери Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев орто мектебинде жергиликтүү тургундарды чогултушуп, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча маалымат беришти.

WhatsApp Image 2022 02 08 at 13.39.25 Баткенде милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча жыйындарды өткөрүүдө

Бул иш-чара милиция кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, жыйынга келген ата-энелерге кылмыштуулукту алдын алуу, зордук-зомбулукка жол бербөө, түн ичинде жаш өспүрүмдөрдү көзөмөлсүз көчөлөрдө жалгыз жүргүзбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

WhatsApp Image 2022 02 08 at 13.39.24 1 Баткенде милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча жыйындарды өткөрүүдө


Былтыркы жыл ичинде бул айылда жаш өспүрүм тарабынан жасалган 1 жорук иши катталган.


Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы