Бүгүн Пекинде Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт

Бүгүн,  Кытайдын борбору Пекин шаарында XXIV кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт.

Азем Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат. Анда Кыргыз өлкөсүнүн желегин жалгыз жолдомо уткан Максим Гордеев көтөрүп чыгат.

Салтанаттуу иш чара 2008-жылы курулган «Пекин улуттук стадионунда» өтөт.