Сокулукта сабалган 2 жаштагы баланын абалы канааттандырарлык

Чүй облусунун Сокулук районунда сабалган 2 жаштагы баланын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Бул тууралуу бала дарыланып жаткан ооруканадан билдиришти.

Дарыгерлердин айтымында, баланын баш мээси чайкалып, денесинде дагы зордук-зомбулуктун белгилери бар.

«Учурда бала тиешелүү дарыланууда, ал атасы менен палатада жатат. Бала тамактанат, басып жүрөт», – деп билдиришти ооруканадан.

Эске сала кетсек, Сокулук РИИБге бир күн мурун саат 21:30дар чамасында аймактык ооруканага денесинен жаракат алган 2 жаштагы бала К.Э. жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө катталып, текшерүү иштери башталды.

Баланын денесине келтирилген жаракаттын бардык жагдайлары аныкталууда.

Керектүү экспертизалар белгиленди. Учурда тергөө иштери уланууда.