Ыдыкка кабылды делген 11 жашар кыздын чоң атасы асынып алды

Чүйдүн Арашан айылында сексуалдык ыдыкка кабылды делген 11 жашар кыздын чоң атасы асынып алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталы жазып чыкты.

Билдирүүгө ылайык, кыздын чоң атасы бул өкүнүчтүү кабарды уккандан кийин асынып алган. Үч күн мурун анын сөөгү жерге берилген. Маалыматты  Чүй облустук ички иштер башкармалыгы да тастыктаган.

«1958-жылы туулган О.Н. аттуу жаран сарайында асынган абалда туугандары тарабынан табылган. Ал болуп өткөн окуяларга тиешеси жок экендигин жана ал боюнча кечирим сурап, кат жазып таштаганы маалым болгон.

Ал жаран буга чейин Арашан айылындагы сексуалдык аракеттерге кабалган өспүрүм кыздын чоң атасы болоору такталган. Учурда бул окуя боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылууда», — деп айтылат билдирдүүдө.

Эскерте кетсек, милицияга 19-январда өспүрүм кызга карата сексуалдык аракеттерди жасоо фактысы тууралуу маалымат түшкөн. Анда Арашан айылында 11 жашар кызга сексуалдык мамиле жасаган деп шектелип 35 жаштагы агасы кармалган. Териштирүү иштеринин алкагында, кыз 11 жаштагы Т.Д. экени, чоң энеси жана чоң атасы менен жашаары аныкталган.