Сары-Челек биосфералык коругунун кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

Бул тууралуу Башкы прокуртуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Аксы райондук прокуратурасы тарабынан Сары-Челек биосфералык мамлекеттик коругунун ишмердүүлүгүнө карата текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө аталган мамлекеттик коруктун жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, биосфералык корукка тиешелүү болгон жылкыларды, оргтехникаларды жана сатылган бал челектердин акча каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алышкан. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 1 млн 209 миң сомду түзгөн.

Аталган факты Аксы райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.