Мектеп директору окуучунун бутун тээп сындырды. Окуянын чоо-жайы

Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан А.Навои мектебинин окуучусунун буту сабак учурунда сынды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы өздүк булактарга шилтеме берүү менен билдирди.

Бул маалыматты окуучунун апасы Зульфияхан Эргешова тастыктады. Анын айтымында, уулу мектептен үйүнө келгенден кийин директор уруп, тепкенин айтпай, 3 күн күн жата берген.

«Мектептин директору баламдын бутун тээп сындырыптыр. Уулум 8-класста окуйт. Бул окуя 26-январь күнү балам окуган А.Навои мектебинде болгон.

28-январда бутун гипстетип келдик. Директор тепкенин коркуп айтпаптыр. Бүгүн Кара-Суу районунун милициясына арыз жаздык. Милиция кызматкерлери келди», – деди Эргешова.

Мектеп директору физкультура сабагынын да мугалими экени айтылды.