14 жаштагы секелек кызды ала качкандар кармалды

26-январь күнү саат 22:30 чамасында, Кара-Суу шаарындагы “Кылым-Ордо” чайканасынын алдынан жашы жете элек кызды ала качуу фактысы катталган.

Райондук милициянын иликтеп-тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери 14 жаштагы Н. Н., аттуу кызды 25 жаштагы И уулу Б. аттуу жаран үч досу менен чогуу никеге туруу максатында мажбурлап машинеге салып, Талдык айылындагы үйүнө алып барышканын аныкташты.

Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 172-беренесинин («Никеге туруу максатында ала качуу») негизинде кылмыш иши козголду. Мындан тышкары кыздын жабыркаганын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ала качууга шек саналган жарандар И.уулу Б., М. уулу У., А.С., жана О. уулу А. кармалып, райондук милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалымат кызматы учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын маалымдады.