Баңгизат менен кармалган Болот Темировдун анализдери чыкты

Журналист Болот Темировду бүгүн баңгизат менен кармалган.

Бирок бир топтон кийин анын анализдери чыгып, ал таза болуп чыкты.

Буга чейин Болот Темиров кармалып, аны укук коргоо органдары жерге жаткызып, чөнтөгүнөн жашыл түстөгү белгисиз зат табышкан.

Белгилей кетсек, Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал ар кайсы темада иликтөө материалдарды даярдап келген. Жакында анда “Ташиевдердин схемасы” жөнүндө “Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

Жаңы иликтөө Ташиевдин жээни Байгазы Матисаковго байланыштуу, ал 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасына караштуу “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасын жетектеген. Журналист жана аталган каналдын негиздөөчүсү Болот Темиров OCCRP иликтөөчү журналисттери “Регион ойл” компаниясынын экспорттук операциялары тууралуу документтерди табууга жардам беришкенин билдирген. Документтерге ылайык, аталган ишкана мазутту Ташиевдин жээни жетектеген “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасына экспорттойт.

“Жөнөкөй эсептөөлөрдү жүргүзүп, 37 млн сом айырма алабыз. Башкача айтканда, ортомчу компания мамлекеттик заводдун продукциясын экспорттоо менен киреше табат – бул эки күндүн ичинде”, – деп айтылат иликтөөдө.

Буга чейин Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал “Садыр Жапаровдун кудасы жана жарым миллиарддык тендер” аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда “Унаа” ишканасын Турусбек Түмөнбаев жетектей турганы жана тендер ишинде анын кызы Айгерим Тогузбаеванын фирмасы менен “кызыкчылыктар конфликти” бар экени айтылган.