Temirov LIVE каналы “Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген иликтөө жасаган

Temirov LIVE кеңсеси тинтүүгө алынганы кабарланды.

IMG 20220122 203120 698 Temirov LIVE каналы "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген иликтөө жасаган

Аталган YouTube-канал ар кайсы темада иликтөө материалдарды даярдап келген.

Жакында анда “Ташиевдердин схемасы” жөнүндө “Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

Жаңы иликтөө Ташиевдин жээни Байгазы Матисаковго байланыштуу, ал 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасына караштуу “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасын жетектеген.

Журналист жана аталган каналдын негиздөөчүсү Болот Темиров OCCRP иликтөөчү журналисттери “Регион ойл” компаниясынын экспорттук операциялары тууралуу документтерди табууга жардам беришкенин билдирген. Документтерге ылайык, аталган ишкана мазутту Ташиевдин жээни жетектеген “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасына экспорттойт.

IMG 20220122 202211 263 Temirov LIVE каналы "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген иликтөө жасаган

“Жөнөкөй эсептөөлөрдү жүргүзүп, 37 млн сом айырма алабыз. Башкача айтканда, ортомчу компания мамлекеттик заводдун продукциясын экспорттоо менен киреше табат – бул эки күндүн ичинде”, – деп айтылат иликтөөдө.

Буга чейин Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал “Садыр Жапаровдун кудасы жана жарым миллиарддык тендер” аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда “Унаа” ишканасын Турусбек Түмөнбаев жетектей турганы жана тендер ишинде анын кызы Айгерим Тогузбаеванын фирмасы менен “кызыкчылыктар конфликти” бар экени айтылган.

Буга чейин бир катар саясатчылар бийлик ага каршы чыккандарга кысым жасаганы туура эмес деп сындашкан.

Эске салсак. журналист Болот Темиров буга чейин дагы Матраимовдор тарабынан сабалганы айтылып келет.