Жактоочу Нурбек Токтакунов: Темировдун чөнтөгүнө баңгизатты атайын салышкан

Нурбек Токтакунов Темировдун үстүнөн “кимдир-бирөөдөн милицияга арыз түштү” деп түшүндүрүшкөнүн айткан.

Учурда бардык анализдердин жыйынтыгы чыгып, журналисттин организминде баңгизатты колдонбогону такталды.

Азыркы убакта Бишкек милициясынын алдында 50гө жакын журналист, активисттер чогулуп турат.

Саботаж кылып жаткан бир аялды милиция суракка алып кетти.

Темиров менен бирге тинтүү учурунда кеңседе болгон журналисттердин айтымында, күч кызматкерлери имаратка кирип келип, ал жердегилердин баарын жерге жаткырып, иликтөөчү журналисттин чөнтөгүнөн “белгисиз зат алып чыгышкан”.

Temirov LIVE командасынын мүчөсү, журналист Актилек Капаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери Бишкектеги кеңсеге саат 19:15терде киргенин билдирген. Журналисттин айтымында, тинтүүнү ИИМдин алдындагы Башкы тергөө башкармалыгынын Баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жүргүзгөн.