ИИМдин алдында Болот Темировду бошотуу талабы менен митинг өтүп жатат

Бүгүн, 23-январда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында иликтөөчү журналист Болот Темировду бошотуу талабы менен митинг өтүп жатат. Ага белгилүү журналисттер, укук коргоочулар, блогерлер, жарандык активисттер катышууда.

Имараттын алдына чогулган элди милиция кызматкерлери түртүп, имаратка жакындатпай курчоого турушту.