Назарбаевдин үй-бүлөсүнө банктык сыр кепилденип, эсептерине кол тийбестик берилген

Казакстандын туңгуч президенти менен анын үй-бүлөсүнө банктык сыр кепилденип, эсептерине кол тийбестик берилген. Бул тууралуу маалыматты казак басылмалары жазып чыгышууда.

Казакстанда 2000-жылы эле «Казакстандын туңгуч Президенти жөнүндө» конституциялык мыйзам кабыл алынган.

Ага ылайык, Нурсултан Назарбаев менен анын үй-бүлөсүнүн кол тийбестиги бар.

Аталган мыйзамга ылайык, элбашы президент болуп турган кезде жасаган аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Аны ошондой эле камакка алууга, үйүн тинтүүгө, кармоого тыюу салынат.