“Мен эч жакка кеткен эмесмин”: Нурсултан Назарбаев өз элине видео кайрылуу жасады

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев өз элине видео кайрылуу жасады. Ал 2019-жылы президенттин ыйгарым укуктарын Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенин, ошол кезден бери пенсонер катары жашап жатканын жана эч жакка кетпегенин билдирди.

«Январь айындагы окуялардын максаты өлкөнүн бүтүндүгүн бузуу экендигин көрсөттү. Өлкөнүн көз карандысыздыгын сактоо канчалык маанилүү экенин көрдүк.

Эми бул тополоңдорду ким уюштурганын аныктоо керек. Бардык көз жумгандардын жакындарына көңүл айтам, башаламандыкта жаракат алгандарга сакайып кетүүнү каалайм.

Мен 2019-жылы президенттин ыйгарым укуктарын Касым Жомарт Токаевге өткөрүп бергем, ошондон бери пенсиядамын. Өлкөдөн эч жака чыгып кеткен жокмун» , — деди Назарбаев.

YouTube video