Мамат Айбалаев: Протоколго кол коюуда Мадумаровдо материалдык кызыкчылык болгон. Чыккынчы менен дебатка барбайм

0
100

Баткен облусунун экс-губернатору Мамат Айбалаев кыргыз-тажик чек арасындагы Мадумаровго байланыштуу чыр боюнча BULAK.KG сайтына өз пикирин билдирди.

Анын айтымында, Адахан Мадумаров 2009-жылы материалдык кызыкчылык болгондугу үчүн, Кыргызстандын жерин тажиктердики деп таанып, кайра алардан 49 жылга ижарага алуу протоколуна кол коюп берген.

“Бул маселе боюнча ошол 2009-жылдан бери эле какшап айтып келе жатам. Мадумаров Кыргызстандын жерин Тажикстанга берип койгону үчүн, мыйзамга ылайык жооп бериши керек. Аны ошол кездеги президент Курманбек Бакиев жиберген, булар жер саткандан башка эч нерсени билишпейт.

Садыр Жапаров чыккынчы деп туура айтып жатат, ал мени дебатка чакырып жүрөт, бирок, мен андай тили сайраган чыккынчы менен дебатка барбайм. Анын убагындагы бул чоң мыйзамсыз ишин айтып келе жатканым үчүн мага да чабуул коюп келет”, – деп Айбалаев айтты.

Андан сырткары протоколго кол коюла элекке чейин ал жер Кыргызстандын жери болгондугун кошумчалап, документке кол коюлуп калган соң, тажиктердин жери болуп калганын белгиледи.

Жогорку Кеңештин ратификациясынан өтпөгөндүгү, президенттин колунун коюлбагандыгы ички маселелер гана болорун айтты.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.