Аида Салянова депутаттыкка талапкерлигин көрсөттү

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, кайра шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин саны 40га жетти.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо Биринчи Май жана Свердлов округунда «баарына каршы» деген добуштардын саны көп болгондуктан, кайра шайлоо 27-февралда өтөт.