ИИМге добуш берүүдөгү мыйзам бузуу боюнча Свердлов округунан 11 маалымат келди

Бүгүн, 27-февралда саат 18:00гө карата ИИМге добуш берүүдөгү мыйзам бузуу боюнча Свердлов округунан 11 маалымат түштү. Бул тууралуу ИИМдин тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Биринчи май округунан эч кандай маалымат келип түшкөн жок.

“Кылмыш иши козголгон жок. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат”, — дейт ал.

Макилов териштирүүдөн кийин укуктук баа берилерин кошумчалады.